Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Журналисттин доо арызын кароо башталды


ОШ. Ош шаардык соту президент Аскар Акаевди колдоо боюнча «Элим менен, элим үчүн» деп аталган коомдук фонддун башчысы Аманбай Сатыбаевге каршы журналист Алишер Токсонбаевдин доо арызын кароону баштады. Эске сала кетүүчү жагдай журналист Алишер Токсонбаев ушул жылдын 28-октябрь күнү АКИ-пресс агенттигиндеги маалымат жыйынында Аманбай Сатыбаев «чыккынчы» деп, абийриме шек келтирди деген арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылган эле. Бүгүн соттун жүрүшүндө ошол маалымат жыйынындагы аудио, видео тасмалар далил катары көрсөтүлүп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулду. Сотко айыпкер катары чакырылган Аманбай Сатыбаев аудио, видео тасмалар далилдеп тургандыгына карабастан, чыккынчы деген сөздү Алишер Токсонбаевге карата эмес, жалпы пикир түрүндө пайдалангамын деген көрсөтмө берди. Ишти карап жаткан судья Адыл Базарбаев тараптарды жараштырууга бир канча ирет аракет кылды. Бирок, журналист Алишер Токсонбаев маалымат каражаттары аркылуу Аманбай Сатыбаев кечирим сурамайын жарашууга макул эместигин билдирди. Адыл Базарбаев кошумча далилдерди топтоо жана калган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн да угуу максатында бул иш боюнча сот жараянын улантууну ушул жылдын 27-декабрына калтырды.

XS
SM
MD
LG