Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

БШК жыйын өткөрдү


БИШКЕК. 21-декабрда түштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Анда беш жылдык мөөнөтү аяктаган Баткен облустук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекитүү, Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча шайлоо округдарындагы өзгөрүүлөр, округдук шайлоо комиссияларын түзүү каралды. Жыйында Баткен облусунан сырткары облустардагы шайлоо округдары такталгандыгы жарыяланды. Ал эми Баткен облусундагы шайлоо округдары боюнча маселени кароо 22-декабрда улантылат. Президент Аскар Акаев «Шайлоо кодексине» өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жумада кабыл алган. Анда шайлоо округдарындагы шайлоочулардын санындагы айырмачылык тоолуу жерлерде 15% чейин, түздүктө 10% чейин болуусуна жол берүү каралган.

XS
SM
MD
LG