Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

КЫРГЫЗСТАН ЭРКИН ЭМЕС ӨЛКӨЛӨР КАТАРЫНДАБЫ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек Эл аралык “Фридом хауз” уюму дүйнө жүзүндөгү эркиндиктин абалы боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан 49 эркин эмес мамлекеттердин катарына кошулган.

Эркин эмес өлкөлөрдүн катарына КМШ айдыңындагы эң таасирлүү мамлекет Россия да кирген. Өткөн жылдары ал толук эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесинде болгон эле. Кыргызстанга коңшу мамлекеттер ичинен Казакстан жана Тажикстан жалпысынан бир деңгээлде бааланса, Түркмөнстан менен Өзбекстан өтө тескери баа алган.
Кыргызстандын эркин эмес өлкөлөр катарына кирүүсүнө президенттин ыйгарым укугун күчөтүүгө алып келген карама-каршылыктуу конституциялык реформа, атуулдардын өкмөттү демократиялык жол менен алмаштыра албашы, коррупциянын кеңири жайылышы, маалымат каражаттарынын мыйзам жагынан басымга алынышы, көз каранды сот системасы жана атуулдардын эркин чогулуу укугунун дайыма эле аткарыла бербеши себеп болгондугу отчетто жазылган.
Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлдөрү “Фридом хауздун” баасы обьективдүү эмес деген пикирде.

Бийликчил “Алга, Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, Эл өкүлдөр жыйынынын конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Валерий Диль “Фридом хауздун” отчетун мындай баалады:

Мен алардын кайсы негиздер менен бааларын билбеймин. Бирок менин оюмча биздин өлкө жакынкы коңшу өлкөлөргө караганда адам укуктары, демократия боюнча бир кыйла алдыга кеткен. Ошентсе да бизде кемчиликтер бар. Маселен,ишкерликkе баарына бирдей мүмкүнчүлүк жок. Ал эми коррупциянын өтө жайылып кетиши биздин демократиялык жетишкендиктерди жемирип баратат.


Ал эми өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев эл аралык уюмдун баасы туура деген пикирде:

Адам укуктары, демократиялык инситутуттарынын курулушу жагынан жана башка эркин коомчулуктун мыйзамдары, принциптери боюнча көп нерселер Кыргызстанда аксап жатат. Ошондуктан бизди эркин эмес 49 өлкөнүн катарына кошкону туура эле.

“Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Фридом хауздун” баасын туура деп баалап, Кыргызстанда саясий эле эмес, башка эркиндиктер да чектелип жатат деген пикирин билдирди:

Эркиндикти мен биринчи кезекте мүмкүнчүлүк менен байланыштырам. Билим алууга мыйзам жүзүндө баарыбыз укуктуу болгонубуз менен иш жүзүндө жогорку билим алууга, азыр жалпы орто билим алууга да мүмкүнчүлүгүбүз болбой калып жатат. Саламаттык сактоо боюнча кагаз жүзүндө мамлекеттик кепилдик болгон менен иш жүзүндө акчаң болбосо жөнөкөй эле оорудан жабыр тартып, өмүрүң кыйылышы мүмкүн болуп турат.Кыргызстандын атуулунун бардык жерде барып жашоого укугу кагаз жүзүндө болгон менен айылынан карыш чыга албай тургандар арбын. Мына ушул жагынан алганда кыргыз атуулдарынын укугу жылдан-жылга төмөндөп баратат.

Жергиликтүү байкоочулардын пикиринде, Кыргызстандагы келерки жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоонун акыйкат жана адилет өткөрүлүүсүнөн көп нерсе көз каранды болот. Эгерде шайлоо өнөктүктөрү батыш талаптарына ылайык өткөрүлсө, анда “Фридом хауздун” Кыргызстанга баасы да өзгөрүшү толук ыктымал. Бул баанын өзгөрүшү менен Бишкектин АКШ өкмөтү түзгөн “Миң жылдыктын чакырыгы аттуу” фонддун долбооруна кошулушуна жана өлкөнүн чындап демократиялык жолго түшүүсүнө шарт түзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG