Кечээ күнү Ирактын ал-Анбар провинциясында үч америкалык аскер өлтүрүлдү, америкалык күчтөр азыр Фаллужа шаарындагы согушкерлер менен салгылашууда. 21-декабрда Мосул шаарында 22 адамдын өлтүрүлгөнү иликтенүүдө, шаардагы америкалык аскерий базага жанкечти кирип, өзүн жардырып жиберген. Генерал Картер Хэмдин айтымында, ал жанкечти Ирак аскеринин киймин кийип келген болуш керек.