Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

ОРУСИЯ ТААСИР ЖАЙЫЛТУУНУ ЭҢСЕЙТ


Муса Мураталиев, Москва Президент Путин жума күнү губернаторлор менен жолугушуу өткөрүп ал жерде жергиликтүү бийликтин ишин кантип жакшыртуу керек маселесин козгоду. Кемерово обулусунун губернатору Аман Түлеев олтурум үстүндө талкууланып аткан маселеден башка темага өтүп, Украинада өтүп аткан шайлоонуу тууроо Шериктештик жаатына кирген өлкөлөргө таркоо коркунучу турат. Ал, маселен, Кыргызстанда өткөнү жаткан шайлоодо кайталанышы ыктымал деди. Ал боюнча президент Путин өзүнүн оюн айтты

Аман Түлеев Шериктештиктеги маселени козгогон сыяктанганы менен келтирген мисалы түздөн - түз Кыргызстанда өткөнү аткан шайлоого багышталганы анализчилер баамында бекеринен эмес болгон. Орусиянын таасири арбын Кыргызстандагы парламентти шайлоо андан кийин президентти тандоо Кремлди кайдигер калтырбай турган ири маселе дешүүдө. Ошол себептен Путин ал жерде кепти дароо илип кетти дешүүдө.

- Кыргызстанда алдыда жылы шайлоо өтөт. Парламентти андан соң президентти шайлашат. Мен болору болду деп эсептейм. Мурдагы эле сценарий бул жерде да колдонулат. Келерки премьерлерди Америкага алып барып келишти. Тынчтык корпусу ал өлкөдө турат. Мага, маселен, анын акыры эмне менен бүтөрү белгилүү, - деди Түлеев.

Губернатордун кулак кагышында КМШ өлкөлөрүнө калганда Орусия катуу талам талашууга тийиш шаани жатканы байкалды. Ал жерде дароо кеп алган президент мындай ой айтты:

Мурдагы советтер жумурияттары жайгашкан мейкиндикте биз эч кандай жашырын саясат жүргүзбөйбүз. Андай жагдай бизди белгилүү деңгээлде өз кызыкчылыгы үчүн активдүү пайдаланып аткан өнөктөштөрүбүз аспабына караганда биздин өз кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн пайдаланчу аспабыздын сабын кыска кылып, - деди президент Путин.

Сырттан көз салуучулар болсо мунун каршысында өз кызыкчылыгы үчүн күрөш ачуу Орусияда кийинки учурда артып баратканын белгилешет. Ошондуктан “эчки тууй албай атып койго аначы болуптур” деп башка мамлекетти баарыдан мурда, Америка менен батыш өлкөлөрүн сындашы күлкү келер иш дешет.

Мурдарак Грузияда өткөн шайлоодо кремлдик чабармандар бут тосушу, мурунку айда Украинада өткөн шайлоодо президент Путиндин эки жолу барып өзүнүн үгүт жүргүзүшү, болгондо да бир гана талапкер үчүн үгүт жүргүзүшү ким-кимдин эсинде. Анан эмне, бул таасир жайылтуу эмеспи деп суроо коюшат.

Грузиянын улуттук коопсуздук советинин төрагасы Гело Бежуашвили кечөө журанлисттер алдында мурдагы советтер өлкөсүнөн жаралган мамлекеттеге Орусияны мамилесин өзгөртүү керектигин айтты:

Орусия Шериктештеги өлкөлөргө таасир гана жайылтчу жерлер дебей ал мамлекеттерге тең тайлаш өнөк катары кароосу керек. Ал, акыры жүрүп олтуруп, советтер союзунун небак кыйрап жок болгонун түшүнүшү керек , - дейт Грузиянлык саясий төбөл

XS
SM
MD
LG