Түркиянын маалымат каражаттарынын кабарына караганда эң бай деп эсептелген түрк ишкерлеринин бири Кахраман Садыкоглу Ирактын түштүгүндөгү Умм-Каср шаарында уурдалып кетти. Аны барымтага алгандар бизнесменди боштондукка чыгаруу үчүн 25 миллион АКШ долларын талап кылышууда. Түрк бийликтери ишкерди бошотуу үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын көрүп жатканын билдирди