Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

ТҮШТҮК-ЧЫГЫШ АЗИЯНЫ СУУ КАПТАДЫ. КАЗА ТАПКАНДАРДЫН САНЫ 20 МИҢГЕ ЖЕТТИ


Кубат Оторбаев, Прага Индонезиянын Суматра аралынын жанында 26-декабрда болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 20 миңге жакындыды. Дагы миңдеген адамдардын тагдыры белгисиз – аларды издөө жумуштары жүрүп жатат. Рихтер таякчасы боюнча күчү 9 баллды түзгөн зилзаладан улам Инди океанындагы суу толкуп, ал Индонезия, Шри Ланка, Индия, Таиланд жана Малайзиянын жээктерин каптап, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды. Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул жер титирөө жана суу каптоо адамзат тарыхындагы ири кырсыктардын бири болуп калды.

Топон суу күнгө кактанып кумда жаткан миңдеген бейкапар адамдарды капысынан эле басып калды да, мухитке оп тартып кетти. Өзгөчө анын алгачкы толкундары Шри Ланканы катуу бейпайга салды. Бир эле бул өлкөдө каза тапкандардын саны 10 миң адамга жакындады. Шри Ланка президенти өз мамлекетин кырсыктуу аймак катары жарыялап, дүйнө коомчулугуна кайрылып жардам сурады.

Үйдөй-үйдөй толкундар Индия, Таиланд, Малайзия, Индонезия жана Мальдиви аралдарындагы шаар-айылдардардын жээктерин жууп, жолунда кездешкен кайык, машине, там-таштан эч нерсе калтырбай агызды.

Качууга үлгүрбөй калган тургундар акыр-чикир менен кошо агып, көбүнүн жаны кыйылды. Миңдеген адамдар колуна урунган нерсени кайык ордуна пайдаланып, ага каргадай болуп конуп отуруп алып, жанын калкалап калды. Дүйнөнүн алдыңкы телеканалдары ылай аралашкан топон сууда агып бараткан адамдарды көргөздү. Жансоогалаган ал кургурлар колдорун булгалап, баштары андан-мындан бир кылкылдап, көргөн адамдын көңүлүн оорутту. Чырактай балдарынан айрылган энелердин, жакындарын жоготкондордун зарлаган үнү кудайга жеткендей болду.

Суматра аралынын жанындагы жер титирөө соңку 40 жылдан берки эң күчтүү зилзала катары катталды. Анын күчү Рихтер таякчасы боюнча 9 баллды түздү. Инди океандын түбүндө болгон бул жер титирөө мухитти азан-казан түшүрүп бурганактатты. Удургуган толкундар миңдеген чакырым аралыкты басып өтүшсө да күчүн жоготпой, акыры барып бир нече мамлекеттин жээктерин жууп, анан басылды.

Шри Ланкада каза тапкандардын саны 10 000гө, Индияда 5700гө, Индонезияда төрт жарым миңге, Таиландда 840ка жакындады. Көз жумгандардын көбү Түштүк Чыгыш Азияга келген туристтер. Шри Ланкада эс алып жаткан австралиялык Стюарт Бирч мухиттен келген ажал алеки заматта эс ишин бүтүрүп кетти дейт:

– Алгач толкундар мени аласалдырып барып бир кайыкка ыргытты. Мен бир нерсени кармап, өзүмдү токтотуп калайын дегенче болбой толкундар мени кайра башка кайыкка ыргытты. Качан суу тартылып, баары тынчый түшкөндө карасам биз отурган үйдөн эч нерсе калбаптыр, - дейт кудайдын парманы менен аман калган Стюарт Бирч.

Шри Ланкада болжол менен 70 турист каза тапканы айтылууда. Алардын тогузу зоопаркта пилдерди көрүп жүргөн жапондор экен. Толкундар пилдерди да, жапондорду да оп тартып кетиптир. Дегинкиси топон суу эч кимди соо калтырган жок. Тор салып жүргөн балыкчылардан тартып, Таиланддын падышасынын реактивдүү лыжа тээп жүргөн небересине чейин анын курмандыктары болушту.

Кырсыктын кесепеттери миллиарддаган долларга бааланган чыгымдарды алып келди. Улуттар уюму суу каптап өткөн аймактарга тезинен жардам көрсөтүлбөсө жугуштуу оору жакырчылыктан жапа чеккен элди дагы бир ирет боо-боо түшүрүшү ыктымал деген чочулоосун билдирди. Анткени курсактары көөп, анда-мында томолонуп жаткан өлүктөр эртелеп тазаланбаса алар күңсүп, жугуштуу ооруларды козгошу ыктымал.

Эларалык кызыл чырым уюму алты жарым миллион доллар, Евробиримдик 3 миллион евро жардам көрсөттү. Кошмо Штаттары баштаган дүйнө мамлекеттери да көмөгүн аябайбыз деп атат. Орусия Шри Ланкага МЧСтин эки учагы менен гуманитардык жардам жөнөтүп жатат.

Биринчилерден болуп Ирандын президенти Мухаммед Хаттами миңдеген адамдарынан айрылган мамлекеттерге көңүл айтуу телеграммасын жиберди.

XS
SM
MD
LG