Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

«Улут Ордо» коомдук уюмдар тилектештиги түзүлдү


БИШКЕК. «Улут Ордо» коомдук тилектештигине өлкөдөгү 103 коомдук уюм бирикти. Тилектештиктин негизги максаты: кыргыз улутунун тилин, каада-салтын, үрп-адатын сактоо, улуттук дөөлөт мурастарды туу тутууга коомчулукту үндөө. «Улут Ордо» тилектештиги өлкөдөгү саясий жараяндарга катышпайт, бирок, улут таламын жогору койгон саясий бирикме, уюмдарга, инсандарга моралдык жактан колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте «Акипресс» маалымат агенттигинде аталган тилектештиктин төрагасы Дастан Сарыгулов билдирди. «Улут Ордо» бирикмеси ошондой эле Кыргызстандын гүлдөп өсүшү, күчтүү, кубаттуу мамлекет болушу үчүн өз салымын кошуу максатын койгон уюмдар менен кызматташмакчы. «Улут Ордо» бирикмеси үстүбүздөгү жылы июнь айында түзүлүп, алгач анын курамында 43 коомдук уюм болгон.

XS
SM
MD
LG