Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

АКШнын мурдагы башкы прокурору Ирактын экс-президентин сотто коргойт


Кошмо Штаттарынын мурдагы башкы прокурору Рэмси Кларк Ирактын экс-президенти Саддам Хусейнди сотто коргой турган адвокаттардын катарына кошулду. Саддам Хусейндин башкы адвокаты Заид аль-Хасавнехтин айтымында бул - Хусейндин өзүнүн макулдугу менен жасалган иш. Азырынча Кларктын Нью-Йоркто жайгашкан адвокаттык кеңсеси бул маалыматка өз комментарийин бере элек. Кларктын өзү кечээ Саддам Хусейндин адвокаттары менен жолуккан болчу.

Ошентип Кларкты кошкондо Ирактын бийликтен былтыр кулаган диктаторун коргоочулардын саны жыйырма бешке жетти. Саддамдын үстүнөн сот иштери жаңы жылдан кийин башталат. Ал аскердик кылмыштары жана геноцид үчүн айыпталып жатат.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Кубат Оторбаев даярдады.

XS
SM
MD
LG