Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

ВИКТОР ЮЩЕНКОНУН ТЫШКЫ САЯСАТЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Кубат Оторбаев, Прага 26-декабрда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын кайталап добуш берүүсүн өттү. Аны оппозиция лидери Виктор Ющенко утуп алды. Эми Украинанын жаңы президентинин тышкы саясаты кандай болот? Батыштын колдоосу аркасында бийликке келген Ющенко менен Орусиянын мындан аркы мамилеси кантет?

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды санап жатканда Киевдин борбордук аянтында Виктор Ющенко “эгер шайлоону утуп чыксам өлкөдө чоң өзгөрүүлөр жасалат” деп сөз берип жаткан. Ал “Украина үчүн көптөн күткөн тарыхый учур келди!” деп билдирди:

- Бүгүн биз тарыхтын жаңы барактарын ачабыз. Эми элдин чочулоосуна, цензурага, калпка жана кыйноолорго чек коюлат. Өлкөнү туңгуюкка кептеген адамдар эми тарыхка кетишет. Бул – биздин сиздер менен бирге жеткен эбегейсиз зор жеңишибиз. Демократиялык өзгөрүүлөрдүн жаңы доору башталды, - деди Виктор Ющенко.

Анын мындай сөздөрүн ушул тапта Украин эли эле эмес Москва, Брюссель, Вашингтон баштаган алдыңкы мамлекеттердин да борборлору угуп жаткан убак. “Кызгылт-саргыч төңкөрүштүн” лидери эми өлкөнүн тышкы дагы, ички дагы саясатында ири өзгөрүүлөр боло тургандыгын айтууда.

Талдоочулардын пикиринде Ющенконун тышкы саясат боюнча максаттары мурдагы президент Леонид Кучманын алгачкы жылдардагы мүдөөлөрүнө окшоп кетет. Кучма дагы жаңыдан кызматка киришкен убакта Украинаны Европага жакындатууга, НАТО менен тыгыз кызматташууга убада берген болчу. Бирок ал коррупцияга колу булганып, өлкөнүн ичинде да, тыштан да көп сын уга баштаганда аттын оозун Орусияны көздөй буруп, “бизге Москвадан өткөн ынак өнөктөш жок экен” деп калган.

- А чындыгында, – дейт Жорж Вашингтон университетинин аналитиги Тарас Казайо, - Кучманын туруктуу тышкы саясаты эч убакта болгон эмес, ал болгону өзүнүн бийлигин сакташ үчүн убактылуу досторду гана күтүп келген эле:

– Кучманын тушунда анын тышкы саясатын бир ууч гана адамдар тейлечү. Кучма менен анын айланасындагы олигархтар батышчыл болуп жүргөн убакта - бул болсо 1990-жылдар эле – Орусиянын өзү Батыш менен түзүк ымалада эле. Кучма экинчи ирет шайланып, Батыш болсо аны сынга ала баштагандан тартып анын тышкы саясаты орусчул мүнөзгө өттү. Ошондуктан Кучманын тушундагы тышкы саясат Украинанын эмес, президенттин айланасындагы бир ууч адамдардын кызыкчылыгына негизделген болчу.

Тарас Казайо “Украина менен НАТОнун ортосундагы же болбосо Украина менен Евробиримдиктин мамилесин чыңдоо маселеси дайыма күн тартибинде туруп келген, президент болгон Ющенко ага түрткү гана бериши ыктымал” дейт.

Кеңсеси Берлинде жайгашкан эларалык мамилелер кеңешинин эксперти Александр Рахр Ющенконун тушунда Украинанын тышкы саясатында ири өзгөрүүлөр болооруна ишенем деген пикирде:

- Кучмадан айырмаланып Ющенко Украинанын тышкы саясатын аскерий, экономикалык жана саясий багытта Орусияга караганда Батыш менен чыңдоого аракет кылат деп ойлойм. Менимче бул ири өзгөрүүлөргө алып келет жана муну биз күтсөк болот.

Мындай геосаясий өзгөрүүлөр Украина менен Орусиянын мамилесине албетте таасирин тийгизбей койбойт. Ошентсе да талдоочулар эки мамлекет ортосундагы экономикалык байланыштар биротоло үзүлөөрүнө ишенишпейт. Анын үстүнө
премьер-министр болуп иштеген убакта Ющенко Орусиядан Украинага инвестиция келишине кылдай да тоскоолдук кылган эмес болчу. Талдоочулар Украина үчүн КМШ мамлекеттери менен мамилесин жакшыртып, анын ичинде Орусия, Казакстан жана Беларус менен эркин соода аймагында кала бергени дурус деген пикирлерин айтышууда.

Эксперттер Виктор Ющенконун президент болуп шайланышы менен эле Украинанын Евробиримдикке кошула калышына ишене беришпейт. Кеңсеси Берлинде жайгашкан эларалык мамилелер кеңешинин эксперти Александр Рахрдын айтымында 47 миллион калкы бар Украина европалыктар үчүн дале болсо чоочун мамлекет бойдон калып келатат:

- Көпчүлүк европалыктарга Украина дале болсо өтө чоң, өтө катаал, өтө алыс, экономикалык системасы өтө татаал жана өтө коррупциялашкан мамлекет деп эсептелинет. Ошондуктан Евробиримдикке Украинанын кабыл алынышына каршы аргументтер көп айтылат деген ойдомун.

“Бирок андай аргументтер ортодогу мамилелердин чыңдалышына эч тоскоол да боло албайт”, дейт Александр Рахр. Анын пикиринде Украинадагы соңку өзгөрүүлөр эми Кошмо Штаттар менен Киевдин ортосундагы мамилелерге да жаңы дем кошот.

XS
SM
MD
LG