Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Ысыккөлдү комплекстүү өнүктүрүүнүн башкы схемасы облус тарабынан иштелип бүттү


КАРАКОЛ. Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өзүн өзү башкарууну өнүктүрүү дирекциясынын башкы директору Асылгүл Абдрехменованын маалыматына караганда, Жапон мамлекетинин эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин иликтөө тобунун, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын, ошондой эле облустук акимчиликтин ортосунда түзүлгөн өз ара келишимдин алкагындагы “Ысыккөлдү 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы схемасынын” техникалык-экономикалык изилдөө иши бүттү. Атап айтканда, айлана-чөйрөнүн, экологиянын тазалыгын сактоо, чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык деңгээлдин талаптарына ылайык шарттарды түзүү жана башка программалардын долбоорлору жүзөгө ашмакчы.

XS
SM
MD
LG