Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

ИРАКТА ЖАҢЫ ЖЫЛ ЖАҢЫРГАНДА ДА КЫРГЫН ТОКТОГОН ЖОК


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Иракта козголоңчулар жаңы жылдын биринчи күнүндө эле 13 кишинин канына забын болушту. Шайлоо боло турган айда өлкөнүн мунай өндүрүү тармагы да кол салуулардан улам олуттуу чыгымга учуроодо.

Жаңырган жаңы 2005-жылда да Ирак жергесинде кан төгүү басылбады. 1-январда 13 киши ар кандай чабуулдарда жан таслим болсо, эртеси аз эле дегенде дагы 22 адам, анын ичинде Ирак Улуттук Гвардиясынын 18 мүчөсү курман болду.

Жаңы жылга карата элге жасаган кайрылуусунда өкмөт башчысы Аяд Алави 2005-жыл өлкөнүн келечеги үчүн чечүүчү мааниге ээ болот деп эскертти. Мунун алдында АКШнын Мамкатчысынын орун басары Ричард Армитаж Иракта эки күн болуп кайткан. Өз сапары тушунда Армитаж АКШнын Ирактагы кол башчысы генерал Жорж Кейси менен сүйлөшүү жүргүзүп, ошондой эле күрттөрдүн Арбил вилайетинде күрт саясатчысы Масуд Барзани менен жолукту.

Иракта шайлоо 30-январга белгиленген. Анда Ирактын Саддам Хусейн 2003-жылы бийликтен кулагандан кийинки алгачкы парламенти шайланат. 275 депутаттан турган мыйзам чыгаруу органы өлкөнүн туруктуу конституциясын иштеп чыгышы керек. Учурда өлкө америкалык оккупациянын мезгилинде кабыл алынган убактылуу баш мыйзам менен жашап жатат.

Шайлоо алдында Ирактын түндүгүндөгү мунайга бай Киркук шаарынын улуттук курамын тактоо маселеси курч турат. Күртстан аймактык өкмөтүнүн башчысы Нечирван Барзани жаңы жылдын алдында Киркукка Саддам Хусейндин убагында көчүп келген арабдарды шайлоо укугунан ажыратууга чакырды. Саддам Хусейн Киркукта басымдуулук кылган күрттөрдү сүрүп чыгаруу далалатында шаарды арабдаштыруу саясатын жүргүзгөн. Киркукта ошондой эле көп сандаган ирактык түркмөндөр жашайт. АКШ колдогон Ирактын өкмөтү жакында Саддам жиберген арабдарга добуш берүү укугун ыйгарган эле. Бул чечим күрттөрдү катуу нааразы кылды деп айтты Нечиван Барзани.

Киркуктагы расмий өкүлдөрдүн ырастоосунда, согуш башталгандан бери Киркукка 100 миңдей күрт тургуну кайтып келди, бирок алардын үйлөрүн башкалар ээлеп алгандыктан, алар же шайлоого каттала албай, же үй-жайы жок, шаардын жака-белинде эптеп күн өткөрүшүүдө.

Шаарда акыркы ирет 1960-жылы эл каттоо жүргүзүлгөн, ошондуктан Киркукта кайсы улуттун канча өкүлү жашаары так белгилүү эмес.

Анын аралыгында, Ирактын мунай министри 2003-жылдын март айынан бери козголоңчулар өлкөнүн мунай тармагын 8 миллиард доллардык чыгашага учуратканын жарыялады.

2-январда жасаган билдирүүсүндө министр Тамер Гадбан Ирактын мунай инфраструктурасына каршы жарыяланган согуш уланып жаткандыгын эскертти. Анын айтымында, саботаж аракеттери соңку күндөрү айрыкча күч алды. Анын ичинде жогоруда сөз болгон Киркук шаарынын аймагындагы мунай кендеринен Байжи заводуна мунай ташыган куур бомбаланды. Ошондой эле Багдаддан түштүктөгү Муссаяб электр өндүрүү ишканасы жардырылды.

Тамер Габдан учурда Ирактын түштүгүнөн гана мунай экспорттолуп жаткандыгын бышыктады. Тактап айтканда, Басра терминалынан күнүгө орто эсеп менен 1 миллиард 800 миллион баррел мунай чет өлкөгө сатылууда.

XS
SM
MD
LG