БИШКЕК. 2004- жылы Кыргызстан экономикалык жактан кандай ийгиликтерге жетишти деген маселе боюнча саясатчылар ар түрдүү пикирде. Маселен, мамлекет башчы Аскар Акаев жаңы жылдык куттуктоосунда 2004-жылы өлкөнүн экономикасы жогорулап, элдин жашоосу бир кыйла оңолду деген пикирин билдирди. Мамлекет башчынын мындай пикирине бардык эле саясатчылар макул эмес. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикирине караганда, сонку жылдары карапайым кыргызстандыктардын жашоосу жакшырып кеткен жери жок, ал эми кыргыз бийлиги келээрки шайлоолорго байланыштуу экономика оңолууда деп жасалма маалымат таратууда:
- Мен мамлекет башчысынын айтканына кошулбайм. Ага элдин чыныгы күндөлүк жашоо деңгээли күбө. Ал эми аткаруу бийлиги келээрки шайлоолорго байланыштуу өлкө экономикасы өнүгүүдө деген фактыларды өздөрү жасашууда. Чыныгы турмуш башка.
Эмил Алиевдин жогорудагыдай пикирине «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» биримдигинин жетекчиси Токтоайым Үмөталиева макул эмес. Анын пикиринде, соңку жылдары чындыгында кыргыз элинин жашоосу жакшырууда:
- Экономиканын мыйзамы боюнча кыймылсыз мүлктүн баасы кымбатаса-бул өлкөнүн экономикасы жогорулап, жашоо жакшырды дегенди билдирет. Кыргызстанда соңку жылдары үйлөрдүн, жалпы эле кыймылсыз мүлктүн баасы кымбаттоодо. Демек, жашоо жакшырып, элдин кирешиси көбөйүүдө, - дейт «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» биримдигинин жетекчиси Токтайым Үмөталиева.
2004-жылы кыргыз элинин жашоосу жакшырдыбы, деген суроого депутат Адахан Мадумаровдун жоопбу төмөндөгүчө болду:
- Кыймылсыз мүлктүн кымбаттагандыгы атуулдардын коңшулаш Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн иштеп, акча таап келгендигине байланыштуу. Ага мамлекет башчысынын же кыргыз бийлигинин кенедей да салымы жок. Себеби, 2004-жылы Кыргызстанда мынча завод, фабрика же кандайдыр бир өндүрүш ишке киргизилди же тигинче атуул жумуш менен камсыз болду деп мамлекет башчы айта албайт. Андай факты жок. Ошондуктан мамлекет башчысынын маалыматы курулай сөз, - дейт Адахан Мадумаров.