Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:39

Израил Газа тилкесиндеги операциясы бүткөндүгүн жарыялады


Газа Тилкесине Израил аскерлери палестин согушчандарынын чек арадан Израилди ракета менен аткылоосун токтотуу үчүн киргизилген эле. Алар киргизилгенден 24 саатка жетпеген убакта чыгарылып, кетип баратканда бир палестин куралчанды атып өлтүрүштү.

Рейд Израилдин Сдерот шаарына келип түшкөн эки ракета бир аялды жарадар кылгандан кийин башталган эле. Кийин Газа менен чектеш Израилдин өнөр-жай аймагында бомба жарылып, эки киши жараат алган. Израил ушул жылдын аягында Газадан толугу менен кетет.

XS
SM
MD
LG