Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

2005-жыл кандай жыл экендиги расмий түрдө жакынкы күндөрү жарыяланат


БИШКЕК. 2005-жыл эмненин жылы деп аталары жакынкы күндөрү мамлекет башчы Аскар Акаев катышкан жыйында расмий түрдө жарыяланат. Бул тууралуу 4-январда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстанды Аскар Акаев башкарган соңку он жылдан ашуун мезгилден бери ар бир жыл кандайдыр бир нерсенин жылы деп расмий түрдө жарыяланып келет. Маселен, 2002-жыл Тоо жылы, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн ал эми 2004-жыл «Социалдык моблизациалоо жана адилет башкаруу жылы» деп жарыяланган. Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары 31-декабрдагы отурумунда Адилет башкаруу жылында Кыргызстанда Аскар Акаев жетектеген аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик деңгээлде бир катар ири коррупциялык аракеттер болгондугун айтышып, ага мисал катары паспорт жаңжалын жана 2 тонна алтыны бар Кумтөр кенинин сатылышын келтиришкен. Аткаруу бийлиги депутаттардын мындай пикирин туура эмес деп четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG