Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Болот Жанузаков: Борбор калаадагы пикет мыйзамсыз иш-аракет


БИШКЕК. 8-январда Бишкекте өткөн нааразылык акция негизсиз. Мындай пикирин ушул эле күнү Президенттин администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков «Азаттыкка» билдирди: «Менин оюмча, булардын бүгүнкү кылып жаткан кылыктарынын баары-элди удургутайын деген гана ою бар. Бул мыйзамсыз дагы, негизсиз дагы аракеттер. Бул саясий оюн», – деди Б. Жанузаков. Ушундай эле пикирин «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев да билдирди.

Кыргызстандагы бийликти колдогон айрым саясий партиялар да, борбор калаадагы нааразылык акциянын негизсиздиги жөнүндөгү пикирлерин айтышып, оппозициялык партиялар менен кыймылдарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жатышат деп күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG