Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Кедейликтин деңгээли төмөндөп баратат


БИШКЕК 2000-жылдан бери Кыргызстанда кедейликтин деңгээли 21 процентке төмөндөдү. Бул тууралуу президент Аскар Акаев Бишкек тургундары менен жолугушууда билдирди.Президенттин айтымында, мындай баа Дүйнөлүк банктын ченеми боюнча аныкталды. Мамлекет башчынын билдирүүсү боюнча, 2004-жылы экономикалык өсүштүн деңгээли 7 процентти түзүп, туруктуулуктун бекемделишине шарт түздү. Экспорттун көлөмү өткөн жылы 25 процентке, ал эми Казакстан жана Орусияга экспорт 50 процентке жогорулады. Аскар Акаевдин айтымында, мындан ары айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана аларды сыртка чыгаруу милдети алдыда турат.

XS
SM
MD
LG