Буга экс-элчилердин парламенттик шайлоого катышуусуна тоскоолдук кылган мыйзам талабынан улам коомдо пайда болгон нааразылыкты басаңдатуу зарылдыгы түрткү берди. Демилге көтөргөн депутаттардын бири Азимбек Бекназаровдун айтымында, мыйзамдын долбоору даяр. Аны палата 17-январда ишин баштаганда дароо кабыл алуу үчүн азыр бардык депутаттардын колу топтолуп жатат:
-Биз ушундай чечимге келдик. Мыйзам долбооруна азыр депутаттар кол коюп жатышат.17-январда ишти ушул мыйзам долбоорун кароодон баштайлы деп жатабыз. Президент мамлекетибиздеги саясий туруктуулукту кааласа, мамлекет үчүн иштеп жүргөн атактуу дипломаттарыбыз мамлекеттик бийликтин бир бутагы түзүлүп жатканда катышсын десе, өлкөдө тынчтык сакталып турсун десе, мыйзам долбооруна кол коет деп ойлойм.
Депутаттын айтымында, парламентарийлер мындай чечимге дипломаттардын укугун чектеп, элдин нааразылыгын пайда кылган жана Кыргызстандын эл аралык аброюн түшүргөн кемчиликти жоюу үчүн барышты. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса ага 21-январга чейин кол коюуну палата президенттен өтүнгөн жатат.
Ал эми өткөн жыл аягында Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү токтотууну өтүнгөн эле.