Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Ирактын айрым райондорунда шайлоо болбой калышы мүмкүн


Буга коопсуздук жагдайы себепчи болуп жатканын бүгүн убактылуу өкмөттүн башчысы Ияд Аллави билдирди. Тикрит шаарында полиция кеңсесинин алдында дүрмөттөлгөн машина жарылып, алты кызматкер мерт болду. 10-январда Багдадда полиция башчысынын орунбасарын тындым кылып кетишкен эле. Өлкөгө бүлүк-бүлгүн салып жаткан күчтөрдүн 150дөй мүчөсү кармалганын, алардын арасында “Мухаммеддин армиясы” деп аталган экстремисттик топтун башчысы да бар экенин кечээ Аллави айткан эле. Юсифия шаарында да бүгүн микроавтобус минага кабылып, жети киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG