Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

АЛГАЧКЫ ТИРЕШҮҮ БОЛДУ. АЯГЫ ЭМНЕ МЕНЕН БҮТӨТ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек. 8-январда Бишкекте оппозициялык күчтөр 2005 - жылдагы алгачкы нааразылык акциясын өткөрүштү. Ага каршы бийлик өз ыкмасы менен күрөш жүргүздү. Бул биринчи таймаш Кыргызстандагы шайлоо жылында саясий күрөштүн кандай болоорунан кабар берди.

Оппозициянын катарына бир катар белгилүү саясий ишмерлердин кошулуусуна карабай 8-январда башталган саясий нааразылык акциясы катарынын калың эместиги менен мурунку акцияларга окшош болду. Бийлик болсо бул акцияга каршы туруп, мурда сыналган ыкмаларды колдонду.Маселен, нааразылык акциясына каршы митинг, жүрүштөрдү уюштурду. Андан кийин белгисиз адамдар оппозициялык маанайдагы депутаттар, атуулдук коомдун активистери жашаган үйлөргө аларды кордоочу сөздөрдү жазды.Кээ бир депутаттардын айдоочуларын коркутуу, сабоо фактысы орун алды. Айрым депутаттардын автоунаалары камакка алынды.
Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, алгачкы таймашуулар оппозициянын дагы эле алсыздыгын, элдин өз тагдырына кайдыгерлигин, ал эми бийликтин өз күчүн толук түрдө пайдалануудан кайра тартпасын көрсөтүүдө. Бийлик өкүлдөрү болсо оппозиция калың элдин колдоосун алалбайт деген пикирде. Мындай оюн “Азаттыкка” президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков 9-январда билдирген.
Коомчулукта болсо буга карата ар кандай пикир бар. Маселен, “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев оппозициялык күчтөрдүн абалын мындай баалады:

Маселен, 200-300 адамдын колдоосун табуу оңой эмес. Буга чейинки бир дагы пикет мынчалык деңгээлге көтөрүлгөн эмес. 200-300 кишинин колдоосун таап, андан кийин артка чегинип коюу бул кайсы бир деңгээлде күч бар экенин көрсөтүп койду.

Анын пикиринде, бийликтин олдоксон аракеттери элдин маанайынын кескин өзгөрүшүнө жана парламенттик шайлоо учурунда кырдаалдын курчушуна алып келиши ыктымал.

“МСН” гезитинин башкы редактору Александр Кимдин пикиринде 8-январдан кийинки окуялар бийликтин даярдыгы бар экенин көрсөттү:

Бийлик даяр экенин көрсөттү. Ал ылдам аракеттенүүдө. Украинанын тажрыйбасын эске алып күч колдонуп, чатырларды жыйнап кетти. Ал эми оппозиция даярданбай чыкты. Алар жаңы жыл алдында биригишкенине жараша олуттуураак даярданыш керек эле. Менин оюмча оппозиция бул катачылыктарын эске алат деп ойлоймун.

“Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Мамат Сабыров депутаттардын айдоочуларын коркутуу сыяктуу иштерди айыптап, бийлик оппозиция менен сабаттуу күрөшсө болот эле деген пикирде:

Бийлик болгондон кийин анын өзүнүн укуктук институттары, маалымат каражаттары бар. Оппозициянын талаптарына мыйзам чегинде, юридикалык так жоопторду берип, сабаттуу жеңгендин ордуна булар “бандиттик” ыкма менен күрөштү тандап алды десек болот да. Булар эмне кылып жатышат? Алар оппозициялык депутаттардын айдоочуларын кармап алып, сабашат. Депутаттарга каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлоодо, же болбосо оппозициялык маанайдагы саясатчылардын, адам укугун коргоочулардын үйлөрүнө долларлардын сүрөтүн тартып кетет.

Бийлик менен оппозициянын күрөшү маалымат каражаттарында, интернетте, курултайларда жүрүп жатканы маалым. Беш оппозициялык бирикме түзгөн Саясий лидерлер форуму ушул жумада биргелешкен Декларациянын үстүндө иштеп жатат. Жакынкы күндөрдө акыркылардан болуп, оппозициялык маанайдагы “Арнамыс” партиясы жана Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева жетектеген “Жаңы күч” партиясы курултайын өткөрмөкчү. Ошону менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди партиялар тарабынан көрсөтүү соңуна чыгып, февраль айынан башынан тарта үгүт иштери башталмакчы. Муну менен саясий күрөш күчөйт, деген пикирде жергиликтүү байкоочулар.

XS
SM
MD
LG