Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Өкмөт башчы билдирүү таратты


БИШКЕК. Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыкка байланыштуу премьер-министр Николай Танаев эч кандай жашыруун жыйын уюштурган эмес. Кыргыз өкмөтү 13-январда ушундай мазмундагы билдирүү таратты. Өкмөттүн мындай маалымат таратышына жакынкы күндөрү бир катар маалымат каражаттарында жарыяланган материал негиз берди. Премьер – министр Николай Танаев өткөргөн жашыруун жыйындын стенограммасы деп аталган бул материалда өкмөт оппозицияга согуш жарыялагандыгы, бийликке ыңгайсыз, оппозициялык күчтөрдү шайлоого жакындатпоо үчүн акимдер, губернаторлор жашыруун тапшырма алгандыгы, мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Танаев оппозицияга каршы ар кыл чараларды көрө баштаганы жазылган. Өкмөттүн маалыматында «жашыруун жыйын» жөнүндө жалган маалымат даярдап, таратуу фактысы боюнча материалдар териштирүү жана авторлорду табуу, кылмыш жообуна тартуу максатында Башкы прокуратурага берилери айтылат. Билдирүүдө ошондой эле өкмөт чагымчылдарга каршы мындан ары да кескин чараларды көрөт деп айтылат.

XS
SM
MD
LG