Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Саясий коррупцияны атуулдук коом айыптайт


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму өлкөдөгү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 500 чукул байкоочуну даярдайт. Ал эми чет өлкөлөрдөн өз багыты боюнча 70 байкоочунун келишин камсыздайт. Бул тууралуу өкмөттүк эмес уюмдун лидери Төлөкан Исмаилова жума күнү билдирди. Төлөкан Исмаилова жума күндөгү билдирүүсүндө, Бишкек шаардык кеңешинин токтомун кескин айыптап, аны кызмат абалынан пайдаланган саясий коррупция деп атады. Бул токтом атуулдардын укуктарын чектейт. Аны сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасайбыз, деп белгиледи Төлөкан Исмаилова. Атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн пикиринде Бишкек шаардык кеңеши 11-январда кабыл алган токтом Конституциянын 16 беренесинин 14 бөлүгүнө каршы келет.

XS
SM
MD
LG