Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

ПИКЕТ, МИТИНГДИ ЧЕКТЕГЕН ТОКТОМ КООМДОГУ ЧЫҢАЛУУНУ КҮЧӨТӨТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Бишкек шаардык кеңешинин 13 - январдагы токтомуна ылайык мындан кийин Бишкекте өтүүчү пикет жана митингдерге алдын ала уруксат алуу керек. Бейөкмөт уюмдар бул токтом конституциялык нормаларга каршы келерин, алдыдагы шайлоолордун демократиялуу өтүшүнө тоскоол болорун айтып, Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту.

Пикет же митингге чыгыш үчүн мындан кийин шаардык бийликке кайрылып, уруксат кагазын алуу керек. Дал ушундай норма мындан төрт жыл мурда да киргизилип, атуулдук коом менен парламенттин кийлигишүүсүнөн кийин жоюлган. Парламенттик жана президенттик шайлоолор босогодо турган маалда байкоочулар мындай токтомдун чыгышынын саясий себептерин көбүрөк айтып жатышат. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев шаардык кеңештин бул чечимин кубаттарын билдирди. Иманбаев мырзанын пикиринде, мындай токтом өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн зарыл.
«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы 14- январда Президентке жана Башкы прокурорго кайрылуу жолдоду. Бул уюмдун жетекчиси Эдил Байсаловдун пикиринде, бул токтомду сот аркылуу жойдурганга аракет кылышат:
- Дүйшөмбүдө сотко кайрылган атабыз. Президентке да, Башкы прокурорго да кайрылдык. Бийлик стабилдүүлүктү шылтоолоп, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатат. Жакында алар «мүнөтүнө он эле жолу дем аласыңар, андан ашык дем алсаңар өлкөдө стабилдүүлүк бузулат» деп чыгышат, -дейт Эдил Байсалов.
Ишембиде «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму да билдирүү таратты. Бул уюм аталган токтомду атуулдардын конституциялык укугун тебелөө жана саясий коррупция катары баалады. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму билдиргенге караганда, 2000- жылы токулган дал ушундай токтом коомдогу башаламандыктарга жана тирешүүлөргө алып келген. Дал ушундай чектөөлөрдүн айынан карабууралыктар камакка ылынып, андан кийин Аксы трагедиясында ок атышууга чейин жеткен. Эгер бул токтом жоюлбаса анда аталган бейөкмөт уюм атуулдук каршылык көрсөтөрү жана мыйзамга ылайык атуулдук баш ийбөөчүлүк кадамдарга барарын билдирип жатат.
Бул токтомдун кабыл алынышын саясий күчтөр шайлоолор алдында өлкөдө саясий кырдаалдын курчушу менен байланыштырышууда. «Арнамыс» партияысынын лидерлеринин бири Эмил Алиев бул саясий чечим деген ойдо:

Бул конституциялык нормаларга каршы келген чечим. Шайлоолр алдында элдин нааразчылык акцияларын бут тосуп, аларды чектеш үчүн кабыл алынган саясий чечим катары баалайм,- дейт Эмил Алиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болсо бул токтом эл арасында нааразычылыкты ого бетер күчөтөт деген оюн ортого салды. Анын айтымында, эгер пикетчилер жолду бууп алса, бирөөлөрдүн ишине тоскоолдук кылса же зыян келтирсе анда жоопкерчиликке өзүнчө тартылары анык. Депутат Масалиев шайлоолор жакындап келатканда бийлик мындай чечимдери менен коомдогу чыңалууну гана күчөтөт деген ойдо.

XS
SM
MD
LG