ФОРД ХУУД/ ТЕХАС. Американын аскердик соту солдат Чарльз Гранерди Абу-Граиб түрмөсүндөгү туткундарды кыйнап, мазактагандыгы үчүн 15 жылга түрмөгө кесиши мүмкүн. Абу-Граиб түрмөсүндө отурган туткундарга зордук-зомбулук кылып, мазактап, шылдыңдаган, деген айып менен сот жообуна тартылган Гранерди судьялар айыптуу деп табышты. Соттун өкүмү бүгүн жарыяланат. Беш күн бою жүргөн сотто Гранердин адвокаттары "ал жогору турган офицерлердин буйругун аткарган" деген аргумент менен жоокердин жазасын жумшартууга аракеттенишкен. Бирок сот Гранер жана анын жолдоштору эч кандай буйрукту аткарбай эле, туткундарды эрмек кылуу үчүн кыйнап, мазакташкан, деген жыйынтыкка келди.
Чарльз Гранер Абу-Граиб түрмөсүндө кылган кылмыштары үчүн 15 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн