Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

СУЛАЙМАН ИМАНБАЕВ ЭЛАРАЛЫК УЮМДАР ШАЙЛООГО КИЙЛИГИШЕТ ДЕП ТЫНЧСЫЗДАНАТ


Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев чет мамлекеттердин өлкөдөгү элчилери менен өткөн жумада жолугушкан маалда чет элдик уюмдардын шайлоо процесстерине тымызын кийлигишүүсүнөн улам өлкөдө кыйын кырдаал түзүлгөнү тынчысыздандырат деп билдирди. Башкы шайлоо комиссия жетекчисинин мындай билдирүүсү чет өлкөлүк уюмдар менен иштешкен өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын нааразылыгын жаратты.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоо жараяндарына чет өлкөлүк уюмдар, анын ичинде АКШнын Улуттук демократиялык институту кийлигишип жатат деген оюн мурда да бир ирет:

- Чет өлкөлүк уюмдун биздин мамлекетибизге карата мындай аракеттери сыпайычылыкка жатпайт деп эсептейм. ,- деп билдирип, алардын максатын Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар кыйшаюусуз ишке ашырып жаткандыгына ыраазы эмес экендигин жарыя кылган.

Ушундан улам айрым бейөкмөт уюмдар өздөрү кызматташкан эл аралык уюмдарга бул пикир боюнча расмий билдирүү таратышып, аны өз аракеттерин чектөө деп баалашкан. Борбор Шайлооком башчысынын Кыргызстанда ушул тапта саясий кырдаал күч алып турганда айткан бул жолку билдирүүсү мурдагы нааразылыкты ого бетер күчөттү. Ал тууралуу эл аралык уюмдар менен көп жылдан бери кызматташып жүргөн «Интербилим» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева:

- Маселен, мен бейөкмөт уюмдарды жашыруун колдоп жүргөн бир дагы эл аралык уюмду билбейм. Бардык эл аралык уюмда канча акча кайда кетип жаткандыгы жөнүндө так маалыматтар бар. Демек, Сулайман Иманбаев мындай оюн элди бейөкмөт уюмдарга каршы буруу үчүн атайылап айтып жатат.

Ал эми экс-элчи Роза Отунбаева буга дейре 2 миллиард долларга жакын чет элдик криедитти алып койгон кыргыз бийлиги коомдун саясий, укуктук аң-сезимин жогорулатууга, укук-милдеттерин таанытууга багытталып жаткан жардамга ич тардык кылганы туура эместигин:

-Шайлоо системасына берилген 2 миллион долларды «ап» деп эле жутуп алышты. Биз аны тандап алат экенбиз да, тигинисин албайт экенбиз, жей албайт экенбиз да!. Эл аралык уюмдар шайлоо калыс, ачык болсун деп көптөгөн жаңы ыкмаларды киргизип жатышат. Бийлик андай ыкмалар кирбесин деп чоң аракет жасап жатат. Чет өлкөлүктөр таза болсун, баары көрүнүктүү болсун дегенде эле биздикилер чалкасынан кетет экен! ,- деп билдирди.

Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин ою боюнча, кыргыз бийлиги азыр өтө кооптонуп турат. Ушундан улам шайлоо калыс өтсүн деген чет өлкөлүк уюмдардын көмөгүн тымызын кийлигишүү деп баалаганга чейин барып,бийлик алмашуусун каалаган калк катмарынын маанайын башка нукка салууга далбастап жатат:

-Ак үйдө бир шек пайда болду. Себеби, Украинага каражат жагынан Америка жана Батыш Европа көп жардам берген деген сөздөр болуп жатпайбы… Менин оюмча, Ак үй ошондон коркуп жатат. Алар оппозицияга акча бере коет, оппозицияны жактагандар көбөйүп кетет, анан революция экспорттолот деп кооптонуп турушат. Менин оюмча, буга негиз жок.

Ал эми ЕККУнун Демократия жана адам укуктары боюнча институтунун Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салуу үчүн алгачкылардан болуп келген эл аралык байкоочуларынын миссиясынын башчысы Любомир Копай чет өлкөлүк уюмдар шайлоо процесстерине кийлигишип жатат деген ойду четке какты:

- Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү биздин милдетке кирбейт. Мен өзүбүздүн милдеттин так аткарарыбызды билдирем.

XS
SM
MD
LG