БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда Жогорку Кеңештин депутаттыгына 454 атуулдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Алардын ичинен 310 каттоодон өтүп, талапкерлигин тастыктаган күбөлүктү алышты. Маалыматка караганда, Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу максатында №41 Карасуу шайлоо округдук комиссиясына документтерин тапшырды. Оппозициянын лидерлеринин бири Курманбек Бакиев болсо №25 Караүңкүр шайлоо округу боюнча талапкер болууга документтерин берди.