Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Экс-элчи соттон акыйкаттык издеп жатат


БИШКЕК.Кыргызстандын Малазиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов Каракөл шаардык сотунун 19-январдагы чечимин жокко чыгаруу талабы менен 22-январда Жогорку Сотко арыз жолдойт. Экс-элчиден мындай маалымат 21-январда алынды. Каракөл шаардык соту аны №22 Каракөл-Ташкөмүр шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке каттабай койгон округдук комиссиянын чечимин туура деп тапкан. Округдук комиссия болсо Мамбетжунус Абыловдун акыркы беш жылда Кыргызстандын аймагында жашабаганынан улам каттоодон баш тарткан. Мына ушундай эле негизде талапкер болуп катталбай калган экс-элчилер Роза Отунбаева менен Медеткан Шеримкулов өзүдөрүнүн конституциялык укугун калыбына келтирүү талабы менен Конституциялык сотко арыз беришкен. Сот алардын арызын качан караары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG