Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Улуттар уюму Цунамиден жабыркаган региондо ооруларды алдын алууга кошумча чара көрүүгө чакырды


БАНКОК. Улуттар уюмунун гуманитардык агенттигинин жооптуу өкүлү Маргарета Валстром Цунамиден жабыркаган Түштүк- Чыгыш Азия өлкөлөрүндө ар түрдүү эпидемияларды алдын алууга кошумча чара көрүү керек деп билдирди.
Жугуштуу оорулардын тутана электиги- чоң жетишкендик. Бирок миңдеген кишилердин таза суу менен камсыз кылынбаган, антисанитардык шарттарда жашап жатканы ооруларды алдын алуу маселесине көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат,- деди Валcтром. Бул жөнүндө Улуттар уюмунун координатору Тайландда үч күндүк визит менен болду. Декабрдын соңунда Инд Мухитинде болгон цунамиде 222 миң киши набыт кеткени болжондонот.

XS
SM
MD
LG