Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Москвада Аскар Акаев Владимир Путин менен жолукту


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 23-январда Москвада Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукту. Өз сөзүндө Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Орусия өзүнүн өнөктөрүнө, анын катарында Кыргызстанга да курал-жаракты Орусиянын ички баасы менен сата баштайт жана мындай документке жакын арада кол коюлат деди. Путин ошондой эле Орусиянын Канттагы базасы боюнча түзүлгөн эки тараптуу келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Аскар Акаев мындан кийинки күндөрү Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин 350 жылдык мааракесине катышат. Аны менен катар мааракеге Кыргыз улуттук университетинин жана башка бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү да күбө болот.

XS
SM
MD
LG