Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

ШАЙЛОО: ЭЛЧИЛЕР ЭЛЧИЛЕП КАТЫША АЛБАЙТ


Азиза Турдуева, Бишкек. 24-январда Бишкекте Кыргызстандын мурдагы элчилеринин парламенттик шайлоого катышуу укугун коргоо боюнча нааразылык акция улантылды.

Пикетчилер Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштыруу боюнча «Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбооруна кол койууну талап кылышууда. Бул жөнүндө пикетте турган Рапакан Абдыкадырова мындай
дейт:

Биз парламенттин депуттарына ыракмат айтабыз. Алар ушул мыйзамга кол коюп беришти. Эми президентте калды кеп. Биз президент кол коюп берет деп күтүп жатабыз. Эгерде президент кол койбой койсо, анда биз ал адам укуктарына каршы экен деген ойдо калабыз .


Буга чейин элчилердин парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна жол ачкан мыйзам долбоору президентке жолдолгондугу жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынан маалымдалган. Бирок, аталган мыйзам азырынча президенттик администрацияга түшө электигин ушул эле күнү өлкө башчысынын маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттыктын» кабарчысына элчилерге байланыштуу мыйзам палатанын регламентин бузуу менен кабыл алынган деген пикирин айтты:

Мына кечээ спикер Абдыганы Эркебаев бул мыйзам регламентти бузуу менен кабыл алынды деп айтты. Эмне себептен бул мыйзам кайрадан добушка коюлду? Добушка коюлбашы керек эле. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны өзү мыйзам бузуп жатса, калганы эмне болот? Балык башынан сасып ататта. Кээбир депутаттар да айтып атышат, депутаттар жетишпей, биринин ордуна бири кнопканы басып коюшту деп. Бул чечим негизсиз кабыл алынды .

Мыйзам Чыгаруу жыйынын депутаты, палатанын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча Комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров болсо, элчилерге Жогорку Кеңешке талапкер катары катышууга мүмкүнчүлүк берүү маселеси каралган бул мыйзам палатанын регламентине ылайык каралган деген көз карашта:

Бул мыйзам эч кандай мыйзам бузуу, регламентти бузуу менен өткөн жок. Анда эмне үчүн спикер аны добушка койду? Эмне үчүн ошондо эле депутаттар туура эмес болуп жатат, регламент бузулуп жатат деп айтышкан жок? Абдыганы Эркебаевдин «бул мыйзам өттү» деген сөзү протоколго жазылган. Ал эми регламент бузулган деген кептер, Эркебаев тараптан түштөн кийин, ага Ак үй тарабынан телефон болуп, бул мыйзам өтпөйт делгенден кийин чыгып жатат. Бул саясий оюн , - деди депутат Азимбек Бекназаров.

Пикетте тургандар алардын талаптары бир гана элчилердин укуктарын коргоо эмес, жалпы эле парламенттик шайлоо адилет, ачык-айкын өтүшү экендиги тууралуу да айтышты. Пикетке Талас облусунун Карабуура районунан келген Амангүл Сатарова:

Биздин максатыбыз депутаттыка элди ойлогон адамдар келсе. Курсактарын сылаган адамдар келсе, алар өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын көздөп иштешет. Андай депутаттар паралменттен кокустан орун алып калбасын деп келдик. Кыргызстан оңолүшу үчүн бизге жакшы жетекчилер керек , - деген оюн ортого салды Амангүл Сатарова.

Ал эми пикетчи Акунбек Бусурманкулов:

Биз Роза Отунбаева, Мамбетжунус Абылов парламентте депутат болууга татыктуу адамдар деп эсептейбиз. Парламентке мына ушуларга окшогон, өлкөнүн келечегин ойлогон, эл үчүн иштеген адамдар келиши керек. Азыр Кыргызстанда элдин жашоосу өтө оорлошуп кетти , - дейт Акунбек Бусурманкулов.

XS
SM
MD
LG