Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ирак менен байланыштуу, адам укуктарын коргоочулар АКШны сынга алууда.


"Хюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм бүгүн атайын доклад чыгарып, колго түшкөн туткундар Иракта кыйноого учурайт жана ал көнүмүш адатка айланып кеткен деп америкалык жетекчиликти сынга алды. Уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча деректири Сара Ли Витсондун айтымында, туткундар мыкаачылык менен кыйналат: "Биз сураган адамдардын айтымында, аларды жип менен тамдын үстүнө илип коюп, темир менен сабаган, алардын жука чурайлары аркылуу электир тогун өткөргөн, аларга тамак же суу да бербей коюп, кийин тамакты парага гана берген". Андан тышкары, уюмдун айтымында, мурда жасалган мындай эскертүүлөргө америкалык менен британиялык жетекчилик эч кандай көңүл бурбай жатат жана андай кыйноолорго утурумудук өкмөттүн аскерлери да катышууда.

XS
SM
MD
LG