Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

ИРАКТЫК АЯЛДАР ШАЙЛООГО ҮМҮТ АРТАТ


Венера Сагындык кызы, Прага. Ирактын азыркы мыйзамдары боюнча, эртең (30-январда) шайлана турган Улуттук жыйында (парламентте) мандаттардын төрттөн бири аялдарга таандык болууга тийиш. Шайлоо комиссиялары талапкерлердин үчтөн бири айымдар экенин жарыялашты. Байкоочулар мындай көрүнүштү гендердик төңкөрүш катары баалап жатышат, а бирок катардагы ирактык аялдардын арасында азыркы жашоосуна терең нааразы, "кыз-келиндердин акыбалы соңку кездери абдан начарлады, көчөгө ээн-эркин чыккандан коркуп калдык" дегендер да аз эмес. Бир катар ирактык айымдар шайлоо коомго өзгөрүү алып келет деген ишеничин да билдирди.

Кесиби боюнча догдур Самира айым өзү иштеген ооруканага бир нече айдан бери машинесин айдап барбай калган. Ал гана эмес, жакындан бери ал оорулууларды кыдырганы көчөгө чыгаарда сөзсүз башына жоолук салып алчу болду. Анткени көчөдө ашынган исламчылар жолугуп калса, кол салабы деп чоочулайт.

"Иракта согуш башталгандан бери аялдардын абалы жүздөгөн жылдарга артка кетти. Мен Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан кийин ушундай жашоого туш болобуз деп үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Билимдүү аялдардын көбү Ирактан кетүүгө камданып жатышат. Биз эч убакта диний партиялар үчүн добуш бербейбиз", - дейт Самира айым канчалаган тааныштары көчөдө жылаңбаш жүргөнү үчүн күтүүсүз жазага кабылганын кошумчалап.

1970-1980-жылдары ирактык аялдар – арап дүйнөсүндөгү эң илим-билимдүү, өзүлөрүн эркин алып жүргөн айымдар эсептелчү.

Мындан 22 ай мурдараак башталган Саддамдын режимине каршы согуш тутангандан бери ирактык кыз-келиндер көчөгө жалгыздап баскандан коркуп калышты.

Бир жагынан буга куралдуу кагылышуу, жардыруу-атышуулар себеп болсо, экинчи жагынан аларды улам күчтөнүп бараткан исламчыл кыймылдардын аялдарды басмырлаган аракеттери жазгантат.

Ошентсе да, шайлоо комиссиялары билдиргендей, 30-январда депутаттык орундар үчүн ат салышчу талапкерлердин дээрлик үчтөн бири – айымдар. Алардын көпчүлүгү өмүрүнүн коопсуздугунан чочулап, бюллетендерге өз ысымдарын ачык көрсөтпөй, башка аттарды жазып коюшту.

Бирок Багдаддагы "Ал-Амал" аттуу гуманитардык уюмдун жетекчиси Ханаа Эдвард ирактык аялдар алгачкы эркин шайлоого абдан чоң кызыгуу менен аралашып жатканын айтат:

- Азыр кайсыл үйгө баш бакпаңыз, телевизорду тиктеп отурган аялга туш болосуз, аялдар өз ара шайлоонун тегерегиндеги жаңылыктарды, өлкөдөгү кырдаалды талашып-тартышып талкуулап жатканын бардык жерде кезиктирүүгө болот.

Дагы бир активист Самарай айым алдыдагы шайлоо бардык ирактыктар үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгилейт.

- Жалпысынан алганда, мен ушул шайлоо жалаң атуулдук уюмдар, саясий партиялар үчүн эмес, ар бир ирактык үчүн болуп көрбөгөндөй жаңы мүмкүндүк ачат деп ишенем. Ирактын соңку тарыхындагы алгачкы чыныгы шайлоо жаркын келечекке алып келет деген ойдомун.

Азыркы тапта Ирактагы 34 министрдин алтоо айымдар. 30-январдагы шайлоодо Улуттук жыйындагы 275 орундун 25%ы мыйзам тарабынан аялдарга бөлүнүп берилген.

Салыштыра кетсек, АКШ Конгрессинде аялдардын саны 15 пайызга жетпейт, Британиянын Өкүлдөр палатасында аялдарга мандаттардын 18%ы таандык.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, парламенттик шайлоодо аялдар үчүн эч кандай квота, же атайлап бөлүнгөн мандаттар жок.

Андыктан Ирактык аялдардын азыркы башкы көйгөйү – өлкөдөгү бейпилдик , шайлоонун тынч өтүшү болуп турганы айкын.

XS
SM
MD
LG