Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Казакстан: Оппозиция мүчөлөрү жоопко тартылды


Казак полициясы оппозициянын жети мүчөсүн айыпка жыкты. Бу жетөө оппозициядагы Демократтык тандоо кыймылын тыйууга каршы ишемби күнү Алматыда өткөн демонстрацияга катышканы үчүн жоопко тартылганын кыймылдын жетекчилиги бүгүн маалымдашты. Маалыматка караганда, алардын бешөө 2 күндөн 5 күнгө чейин эркинен ажыратылды. Калган экөө жазана төлөп бошотулду.
Эң ири Демократтык тандоо партиясынын статусун калыбына келтирүүнү жана саясый өзгөрүүлөрдү талап кылып, Алматыда өткөн демонстрацияга 2 миңдей киши катышкан болчу.

XS
SM
MD
LG