Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Жапонияда өз жанын өзү кыйган жоон топ кишинин өлүктөрү табылды


ТОКИО. Жапонияда жоон топ киши өзүн-өзү өлтүргөндүгү кабарланууда. Токионун чет жакасында токтоп турган автомашинадан үч аял менен үч эркектин өлүктөрү табылды. Машинадан ошондой эле уктатуучу дарылардын кутучулары, ис чыгарган көмүр меш табылган. Өлүктөр табылгандан бир нече саат өткөндөн кийин Токиодон 100 километр жердеги Хигаси-Ицу деген шаардан жашы 30-40тын ортосундагы бир эркек менен эки аялдын сөөктөрү табылган. Алар жаткан машинадан дагы көмүр меш табылган. Экономикасы өнүккөн мамлекеттердин ичинен Япония өз жанын өзү кыйган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

XS
SM
MD
LG