Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Мамлекеттик кызматкерлер коомдук келишим түзүшөт


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев сунуштап жаткан «Таза Кыргызстан» аттуу аракеттенүү программасынын алкагында президенттен баштап бардык мамлекеттик кызматкерлер жакында социалдык контракт түзүүгө киришет. Бул Кыргызстанда быйыл көмүскө экономиканы жана коррупцияны азайтуу, анын эсебинен айлыкты, пенсияны, пособиени көбөйтүү максатын көздөйт. Социалдык контракт бир жылга түзүлүп, анын аткарылышы ар бир үч айда текшерилип турат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов билдирди. Кыргызстан элинин ишемби күнү өткөн 5-курулутайында мамлекет башчысынын сунушу боюнча «Таза Кыргызстан» программасы кабыл алынган. Ал «Таза суу», «Таза жаратылыш», «Таза технология», «Таза колдор» жана «Таза шайлоо» деп аталган беш бөлүктөн турат.

XS
SM
MD
LG