БИШКЕК. Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлердин саны 9-февралда 4 адамга кыскарып, учурда парламентке 417 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу Бобордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын бюджети каралып, баш бармакка белги койуудан үнөмдөлгөн 1 млн 570 миң сом жана талапкерлердин телетаймаштарынан үнөмдөлгөн 690 миң сом каражат кошумча 2200 ачык түстөгү үкөк жасалууга жумшала турган болду.
Былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн тунук үкөктөр 9-октябрда Үрүмчү шаарынан алып келинип, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шайлоо участокторуна таркатылган.
Былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн тунук үкөктөр 9-октябрда Үрүмчү шаарынан алып келинип, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шайлоо участокторуна таркатылган.