Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

“Хизбут-тахрирчилерге” каршы сот иши башталды


Өзбекстандын соту бүгүн «Хизбут-Тахрир» уюмуна катыштыгы бар деп айыпталып жаткан 23 адамдын ишин карай баштады. Ишти баштаган Фергана өрөөнүндөгү Андижан шаарынын соту азырынча кармалган адамдардын аталган уюмга кандай тиешеси бар экендигин териштирип жатат. Белгилүү болгондой, Ислам боштондук партиясы «Хизбут-Тахрирге» Өзбекстанда иштөөгө тыйуу салынган. Кармалгандарга “өкмөттү кулатуу жана диний экстремизмди жайылтуу аракетин көрүшкөн” деген айып тагылууда. Жакында эле, январдын этегинде, өлкөнүн чыгыш тарабында да өзбек бийликтери 13 адамга ушундай эле айып тагып кармашкан эле.

XS
SM
MD
LG