БИШКЕК. Караколдогу үйүндө 11-февралда белгилүү коомдук жана саясий ишмер Жумгалбек Аманбаев жүрөк оорусунан каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. №74 Жетиөгүз шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган Жумгалбек Аманбаев 1945-жылы төрөлгөн. Аманбаев 1991-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясын, андан кийин 1993-95-жылдары вице- премьер министр кызматын аркалап, ал эми акыркы жылдары «Буудай» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.