Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Түндүк Корея менен АКШ эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзбөйт


Түндүк Корея жетекчилигинин эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү демилгесин Америка Кошмо Штаттары четке какты. АКШ өкмөтүнүн өкүлү Скотт Маклелландын айтымында, өлкөнүн өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча АКШ менен пикир алмашууга алты тараптуу сүйлөшүү алкагында деле жетиштүү мүмкүнчүлүк бар: "Бул маселени тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнүн бирден бир жолу - алты тараптуу жолугушуулар. Андай сүйлөшүүлөр алкагында биз менен түз байланышууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин биз мурда ачык билдиргенбиз". Алты тараптуу сүйлөшүүгө АКШ, эки Корея, Жапания, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрү катышат, бирок 10-февралда Пхеньян атайын билдирүү жасап, ал сүйлөшүүдөн чыга турганын жана өзөктүк куралга ээ болгонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG