Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Ирактын парламентине шийи мусулмандары эң көп шайланды


30-январда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жарыялап жатып, шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Фарид Аяр санактын жыйынтыгы расмий жактырылышы керек экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Нааразылык арыздарын комиссия эртеңден тартып кабыл алат. Арыздануучуларга үч күн убакыт берилет. Үч күн ичинде биз аларды колдон келишинче караштырабыз. Эгер жетише албасак, мөөнөтүн дагы узартышыбыз мүмкүн. Баары бүткөндөн кийин, жыйынтыгын жактырабыз.

Саддам Хусейндин тушунда өлкөнү бийлеп турган сунилердин жамааты шайлоого дээрлик катышкан эмес. Шийилерден көрсөтүлгөн талапкерлер добуштардын 48 пайызын алды. Башкача айтканда, шийилер өз алдынча өкмөт курай албайт. Алар 26 пайыз менен экинчи болгон күрдүлөр альянсы жана 14 пайыз менен үчүнчү болуп келишкен убактылуу өкмөт башчысы Аллавинин колдоочулары менен коалиция түзөт деп күтүлүүдө. Парламенттик шайлоодо Ирактын 14 миллион шайлоочуларынын 8 жарым миллиондон азыраагы добуш берди.

XS
SM
MD
LG