Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Ооган согушуна катышкандар эскерилди


БИШКЕК.15-февралда Бишкектеги Ата Түрк паркында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгын 16 жылдыгына арналган митинг –реквием болду. Ага Ооганстандагы согушка катышкан жоокерлерден тышкары өкмөттүн, Коргоо министрлигинин,Улуттук гвардиянын өкүлдөрү,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, студенттер жана окуучулар катышты.1979-жылы башталып 10 жылга созулган согушка 620 миң советтик жоокердин катарында 7 миң 141 кыргызстандык улан катышкан. Алардын 242си курман болуп, 1 миң 500ү жарадар болушкан. Төрт жоокер дайынсыз жоголуп, 540 улан майып болуп калган. Ооган согушуна катышкан бир топ жоокерлер азыр Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө кызмат кылышат.

XS
SM
MD
LG