Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Бүгүн Киото протоколу күчкө кирди


Эл аралык келишим жердин глобалдуу ысышына алып келчү эмиссияны же зыяндуу чыгындыларды азайтууну көздөйт. Протокол түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 8 жыл илгери Япониянын Киото шаарында башталган. Бүгүн “Гриинпис” экологиялык уюму жер жерлерде майрамдык акция уюштуруп жатат.
Еврокомиссиянын айлана чөйрө боюнча комиссары Ставрос Димас протокол климаттык өзгөрүүлөрдү алдын алуучу чаралардын алгачкысы гана деп комментариялады.
Келишим 141 мамлекет тарабынан ратификацияланган.
Протоколго эки ири индустриялдык өлкө АКШ жана Австралия кошулган жок.

XS
SM
MD
LG