Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Казак президенти элге жана парламентке кайрылуу жасады


Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн парламентте чыгып сүйлөп, өлкөдөгү абал тууралуу элге кайрылып жатканда, имаратта электр жарыгы өүчп, анын сөзү жарым саатка үзгүлтүккө учурады. Президенттин бул кайрылуусу адаттагыдан эки ай мурда жасалды. Назарбаев өкмөт жана өзүнүн аракеттерин жогору баалады:

- Экономикабызды жөнгө салгандан кийин биз өз жарандарыбыздын турмушун жакшыртабыз деп мен дайым айтчумун. Силер өзүңөр көргөндөй, андай мезгил келди. Жана мен мамлекет башчы катары өз убадамды аткарганыма ыраазымын.

Аны менен катар Назарбаев бийлик өлкөдө диний экстремизмге каршы күрөшкөнү менен диний эркиндикти камсыз кылууда, бирок Казакстанда саясий революция башталса, ал башаламандыкка алып келет деп да билдирди. Жума башында Европа Биримдиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму өлкөдөгү демократия тууралуу өз тынчсыздануусун билдирип, "Казакстандын демократиялык тандоосу" деп аталган оппозициялык партияга тыюу салынганын сынга алган.

XS
SM
MD
LG