Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Израил Газа тилкесиндеги аскелерин алып кетет


Израиль өкмөтү Газа тилкесиндеги аскерий күчтөрүн ал жерден алып чыгып, аймакта отурукташкан жөөттөрдү жер которуштуруу планын жактырды. Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон сунуш кылган пландын негизинде, Газа тилкеси эле эмес, Иорданиянын батыш жээгиндеги төрт аймак да өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ал жерден жөөттөрдү алып чыгып кетүү иштери 20-июлга чейин уланаары айтылууда. Аталган аракеттердин баары төрт башка этап менен ишке ашырылат жана ар бир этаптын иши өкмөт ага добуш бергенден кийин гана башталат.
Бүгүн Израил түрмөлөрүндөгү 500 палестиналык тургун бошотулушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG