Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Грузин парламентинин өкүлдөрү Орусияга талап коюшту


Грузиялык депутаттар “Эгерде жакын арада Орусия өзүнүн базаларын качан жыйыштырып кетээрин так айтпаса, орусиялык базаларды Грузия жаап салаарын” айтышты. Грузин парламентинин Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча комитетинин төрагасы Гиви Таргамадзе билдиргендей, алар 2006-жылга чейин күтүшөт.
Негизи Грузиядагы орусиялык базалар тууралуу жакында эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров грузин жетекчилиги менен сүйлөшкөн эле, бирок анда базалардын качан жабылышынын так күнү белгиленген эмес.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Төрөкул ДООРОВ даярдады

XS
SM
MD
LG