Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

КЫТАЙ САЯСАТЫ АКШда ТЫНЧСЫЗДАНУУ ЖАРАТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде америкалык жетекчилер Кытайдагы абал тууралуу тынчсыздануусун ачык билдире баштады. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында АКШда өлкөнүн коргонуу саясаты боюнча атайын даярдалып жаткан доклад жарыяланат жана аны менен тааныш саясатчылардын айтымында, анда Кытай тууралуу катуу тынчсыздануу айтылат. Буга чейинки доклад 2001-жылы чыккан жана анда Кытайга көп деле көңүл бурулган эмес.

Экономикасы эбегейсиз өсүп келаткан, бирок бийлиги коммунисттик жана авторитардык бойдон калган Кытай жалаң эле АКШда эмес, башка аймактарда да тычсыздануу жаратууда.

2004-жылы кытай экономикасынын өсүшү тогуз жарым пайызга жетти, кытай өндүрүшүндө болсо 258 миллион тонна болот пайдаланылды, экономикасы дүйнөдө эң өнүккөн АКШда болсо 104 миллион тонна болот гана пайдаланылган. Ар бир эки жыл сайын Кытайдагы комьютерлердин саны эки эсеге көбөйүүдө жана мындай жагдай уланып, жакын арада Кытай өз алдынча саясат жүргүзүп, башка өнүккөн өлкөлөрдүн пикири менен эсептешпей калса, ири маселелер чыгышы мүмкүн.

АКШ жетекчилери болсо Кытайга каршы 1989-жылы киргизилген экономикалык чектөөлөрдү алып салуудан эмгиче баш тартууда, анткени өлкөгө батыштык алдыңкы технологиялар келсе, маселелер өгө бетер көбөйүшү ыктымал. Ал чектөө боюнча АКШ менен Батыш Европа мамлекеттери эки башка пикирде. 1989-жылдын май айында Бээжиндин Тянанмын аянтында болгон кыргындан кийин Кытайга каршы жарыяланган чектөөлөрдү европалык саясатчылар эскирди деп эсептейт жана Кытай менен толук кандуу аскерий соода жүргүзүүгө кызыкдар.

АКШ Сенатынын тышкы байланштар боюнча комитетинин төрагасы Ричард Лугардын айтымында болсо, эгер Батыш Европа Кытайга алдыңкы курал сата баштаса, анда Вашингтон ошол батыш мамлекеттеринин өздөрүнө алдыңкы аскерий технологияларды берүү маселесин караштарат.

Америкалык чалгындоо кызматтарынын маалыматтарына караганда, Кытай азыр Тайван кысыгынын айланасында көптөгөн ракета орноштура баштады, Тайван менен АКШ ортосунда болсо атайын келишим бар жана эгер Кытай Тайванга кол салса, Вашингтон аны милдеттүү түрдө коргоого тийиш. 19-20февралда АКШ менен Жапания өкүлдөрү атайын кеңешме өткөрүп, коопсуздук маселелери боюнча жаңы келишимге кол койду, анда Тайван маселеси тууралуу да айтылат жана Кытайга да кайрылуу жасалган. Эки тараптын талабы боюнча, Кытай өзүнүн аскерий чыгымдары тууралуу маалымат жарыялоого тийиш.

Буга чейин Жапания эч качан Тайван маселесине кийлигишкен эмес жана Бээжин дароо АКШ менен Жапания жасаган биргелешкен билдирүүнү сынга алып, аны Кытайдын ички иштерине кийлигишүү деп баалады.

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, коргонуу маселелерине Бээжин короткон каражат жыл сайын ондон ашык пайызга өсүп жатат. Сенатор Сюзан Коллинзтин маалыматтарына караганда, келерки он жылдын ичинде Кытайдын деңиз флоту көлөмү боюнча Американыкынан ашып түшөт.

Аскерий тармакта Кытай Орусия менен болгон кызматташуусун дагы кеңейтип, үстүбүздөгү жылдын август айында бул эки өлкө биргелешкен аскерий машыгуу өткөрө турганы дагы америкалык сясатчылар тарабынан терс кабыл алынууда.

Анткен менен АКШ жетекчилиги акыркы апталарда Кытай өкүлдөрү менен жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселелерди талкуулап, Пхеньянды кайрадан сүйлөшүү столуна кайтаруу керектиги жөнүндө макулдашты. Бирок бул маселе боюнча дагы Вашингтон менен Бээжин ортосунда пикир келишпестиктер бар.

Дүйнө мамлекеттеринин ичинен Түндүк Корея менен Кытайдын гана байланыштары жакшы, бирок кээ бир америкалык саясатчылардын пикиринде, 2003-жылдын сентябрынан бери өктөрүлүп келген алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кытай өзүнүн толук мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланган эмес, анткени маселенин курч бойдон калышы кандайдыр бир ченемде Кытайдын геостратегиялык кызыкчылыктарына төп келет. Ошол эле кызыкчылыктардын чегинде Бээжин Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү боюнча дагы АКШнын айткандарына каршы чыгат.

XS
SM
MD
LG