Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Бейөкмөт уюмдардын добуш саноосун БШК жактабайт


БИШКЕК. 24-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирүү таратып, анда добуштарды жарышып саноо ыкмасын колдобостугун белгиледи. Бул ыкма шайлоо жараянынын же айрым талапкерлердин беделин түшүрүү максатында пайдаланылышы ыктымал. Мындай билдирүү айрым коомдук бирикмелердин 27-февралда шайлоо участокторунда сурамжылоо жасоо аркылуу добуш саноо камылгасына байланыштуу жасалды. БШКнын билдиргени боюнча, Шайлоо кодексине адилет шайлоо өткөрүү үчүн коомдук көзөмөлдүн эл аралык стандартка ылайык нормалары киргизилген. Башкача айтканда, шайлоо күнү добуштарды саноого ар тараптуу байкоочулар катышат. Шектүү жагдай пайда болсо, добуштар кайра саналат. Ал эми добуштарды өз алдынча саноого бейөкмөт уюмдар эч кандай юридикалык укукка ээ эмес деп айтылат билдирүүдө. «Интербилим» баштаган бир катар уюмдар шайлоонун тазалыгын аныктоо үчүн добуш берип чыккандардан сурап саноо жолу аркылуу добуштардын эсебин алуу максатын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG