Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:15

27-февралда кечки саат 23.00 карата жалпы шайлоочулардын 62 пайызы добуш берди


БИШКЕК. Шайлоо кодексине ылайык кечки саат жыйырмада добуш берүү токтотулду. 27-февраль кечки саат тогузда алынган маалымат боюнча, бүгүн шайлоочулардын 57 пайызы шайлоо участокторуна келишип добуш беришти. Тагыраак айтканда, тизмеге киргизилген 2 миллион 637 миң 988 шайлоочунун ичинен 1 миллион 505 миң 949 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Анын ичинде жогорку көрсөткүч Таласта катталган жана ал жерде шайлоочулардын 67 пайызы добуш берген. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Бишкекте - шайлоочулардын 46 пайызы келишти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алгачкы маалыматтар 28-февралда эртең мененки саат сегизде берилет.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG