Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Араванда митинг болду


ОШ. №49 Араван шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбай Алимовдун үч жарым миңден ашуун тарапкерлери көчөгө чыгышып, түнкү саат үчтөн бери Араван-Ош автожолун бөгөп алышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары жергиликтүү шайлоо комиссиялары Ош кыргыз-өзбек университетинин мурдагы ректору, аталган округ боюнча депутаттыкка талапкер Махамаджан Мамасаидовдун пайдасы үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалашкан деген айыптоо менен добуштарды кайра саноо талаптарын коюшууда. Араван районунун акими Сахабидин Тургунов шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгуу боюнча комиссиялар иштеп жаткандыгын билдирип, нааразы болгон шайлоочулардан жолду ачып коюуну суранды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мындай убадаларына ишенбестигин билдирген нааразылык акциясынын катышуучулары маселе оң чечилмейин Араван-Ош автожолун бошотпой тургандыгын жарыя кылышты. Ушундай эле мүнөздөгү нааразычылык акциясы Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өтүп жаткандыгын №41 Карасуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Арап Төлөновдун ишенимдүү өкүлү Буркан Ашимбаев билдирди. Анын айтымына караганда, бул округда да «Алга, Кыргызстан!» партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Байыш Юсуповдун пайдасы үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деген дооматтар айтылууда.

XS
SM
MD
LG