БИШКЕК. Кыргызстанда 27-февралда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо толук түрдө демократиялык шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык жана ЕККУ алдында алган талаптарга ылайык өткөрүлгөн жок. Мындай мазмундагы билдирүүнү 28-февралда өткөн маалымат жыйында ЕККУ баштаган эл аралык байкоочулар жасашты. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, шайлоо өнөктүгү учурунда аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан административдик ыкмалар колдонулуп, ар кандай жолдор менен шайлоочулардын добушун сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар орун алды. Ошондой эле эл аралык байкоочулар шайлоо өнөктүгү учурунда жогорку бийлик өкүлдөрүнүн ар кандай билдирүүлөрү жана өлкөдөгү эркин массалык маалымат каражаттарына болгон одоно мамилеси да шайлоо өнөктүгүнө өз таасирин тийгизгендигин айтышты. Парламенттик шайлоого ЕККУ баш болгон эл аралык байкоочулардан 175 өкүл байкоо жүргүзүшкөн.